13.06.2018 11:18

Күзүндө «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында кошумча камераларды орнотуу уланат

Күзүндө  «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында  кошумча камераларды  орнотуу уланат

Акыркы жылдарда жол кырсыгы он эсеге көбөйүп, 86 пайыздан ашыгы айдоочулардын күнөөсүнөн улам болууда. Бул туурасында  Жогорку Кеӊештеги өкмөттүк саат учурунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. 

Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратында эл өкүлдөрү  өтүп жаткан жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алышууда.  

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун берген маалыматына караганда, жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү Бишкек – Ош автожолунда айдоочулардын күнөөсүнөн улам болууда. «Акыркы жылдарда жол кырсыгы он эсеге көбөйдү. Статистикага ылайык, жол кырсыктарынын 86 пайыздан ашыгы айдоочулардын күнөөсүнөн улам болгон. Акыркы 10 жылда 10 миӊден ашык адам каза болду. Ал эми Бишкек – Ош жолунда жалпы автокырсыктардын 57 пайызы катталган», - деди Боронов. 

«Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу алкагында ордо калаанын көчөлөрүндө 4 тесттик видеокамера орнотулганы, жолдо жүрүү эрежелеринин 6 түрү боюнча 113 миӊден ашуун тартип бузуу катталганы белгилүү болду.

«Акылдуу шаар» долбоору 2 этапта ишке ашырылат. Мисалы, анда 2018-2019-жылдары Бишкек шаары, Бишкек – Чалдыбар, Бишкек – Кемин сындуу жолдор, ал эми 2018-2020-жылдары Ош, Жалал-Абад, Каракол өӊдүү бир катар шаарлар менен жолдор камтылат», - деди биринчи вице-мэр.

Анын айтымында, учурда борбор калаага орнотулган камералардын иши талдоого алынууда. Статистика боюнча, камера орнотулган аймактарда жол кыймылы коопсуздугу сакталып, эреже бузуулар азайган.

«18-июнга карата документ иштери бүтөт. Күзүндө камераларды орнотуу иштерин улантабыз», —деди Кубатбек Боронов.